Жанар Акаев "Liglass" тууралуу "Кыргыздын байлыгын шылуундарга карматып койгондор жоопкерчиликке тартылсын" деди

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев Кыргыз жергесинде ГЭСтерди кура турган чехиялык "Liglass" компаниясы боюнча маселени көтөрдү.

"Келишимге кол коюлган күндөн тарта Кыргыздын жана Чехиянын медиасында көп талкуу болду. Аталган компаниянын ГЭСтерди куруу боюнча тажрыйбасы жок экени аныкталды. Жетиштүү акча каражаты бар деген маалымат да жалган болуп чыкты. Биздин Тышкы иштер министрлигибиздин эскертүүсүнө карабай өкмөт чехиялык компанияны колдоп, коргоп жатат. Бүгүнкү күнгө чейин "Liglass" Кыргыздын "Русгидрого" карызын кечүүгө 37 миллион долларды которуп бере элек. Сентябрдын жарымы болуп калды. Ал эми өкмөттөн реакция жок, убакытты жылдырып, калпы чыккан компанияны коргоп жатат", - деди Акаев.

"Чехияда "бир тегирмен курбаган компания Кыргыз жергесинде ГЭС курганы жатат" деп күлүп жатышат. Кайдагы бир шылуундарга байлыгыбызды карматып койдук. Буга байланыштуу протоколдук тапшырма берип, парламенттик комиссия түзүшүбүз керек. Өкмөттүн мүчөлөрү келишимди токтотуу менен кутулуп кетпеши керек. Кыргыз тараптын убакыттын уттурганы үчүн тиешелүүлөр жоопко тартылышы зарыл", - деп кошумчалады депутат.

Эске салсак, ушул жылдын 10-июлунда Жогорку Нарын каскадына 2 ГЭС: Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин, башка дагы 10 чакан ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен чех компаниясынын ортосундагы келишимге кол коюлган эле. Ага ылайык, чехиялык компания 30 банктык күн (болжол менен 50 календарлык күн) ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек.

24-июлда президент Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы резиденцияда берип жаткан маалымат жыйында "чехиялык компания августтун аягына чейин 37 миллион доллар төлөбөсө, Кыргыз мамлекети башка инвестор табат” деп айткан.

Компаниянын жетекчиси Михал Смелик Кыргыз мамлекети алар үчүн чоң кызыгуу туудурганын айтып, келишимдин бардык шарттарын аткара турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан