Депутат Өмүрбекова: "Бабановду колдогон студент кызга "чык эшикке" дешти"

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат, вице-спикер Алтынай Өмүрбекова президенттик шайлоого карата болгон үгүт иштеринде мыйзам бузуулар болуп жатканын айтты.

"Жогорку окуу жайлардын биринде мугалим КСДПнын атынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоого үгүттөп жатканы көрсөтүлгөн видеожазуу бар. Анда бир студент кыз Өмүрбек Бабановдун талапкерлигин колдой турганын айтканы үчүн ага "чык эшикке" деп сыртка чыгарып койгону көрсөтүлөт. Шайлоо алдындагы саясий күрөштө аткаминерлер эки революциянын жетишкендиктерин булгабашы зарыл", - деди вице-спикер.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан