Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан кесиби боюнча тарыхчы Кубанычбек Кулматов өзүн "кризис-менеджер" деп атады

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагалыгына сунушталып жаткан Кубанычбек Кулматовдун талапкерлиги каралууда. "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмазбек Токторалиев Кулматовдун кыска убакытта кызматынан тынымсыз көтөрүлүп жүргөн себептерине кызыкты.

"Сиз Бишкек шаарына мэр болдуңуз, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондун башкардыңыз, эми Улуттук банкты башкарууга барып жатасыз. Сиз өзүңүз кандай ойлойсуз: кризис-менеджер (оор абалдан чыгара ала турган адистер - ред.) болгонуңуз үчүнбү же тартиптүү адам катарыбы?" - деп сурады депутат.

"Мен өзүмдү кризис-менеджер деп эсептейм" деп жооп берди Кулматов.

Эске салсак, буга чейин Улуттук банктын төрагасы кызматын Толкунбек Абдыгулов аркалап келген. Ал биринчи вице-премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу кызматтан кеткен. Ал эми Кубаныч Кулматов Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kyrgyz-patriotu
2017-09-14 12:21:40
Бодонуну касапчы сойсун деген макал бар беле.?
+2
kyrgyz.kg83
2017-09-14 12:27:25
кулматовко бишкектин бары наразы.борборубузга ечтемке кылган жок
+3
Patriot7
2017-09-14 12:27:58
Кулматов Бишкек шаарын кыйратып башкарганын Бишкектиктер жакшы билет...

Кыргыз-орус онуктуруу фондун жетектеп, озуно ай сайын 15000$ маяна жазып, айыл чарбасы менен экспортту которуунун ордуна Бабановдун торговый центрин курууга акча болгон Кулматов эми Улуттук Банктын "кризис менеджери" бекен, Мискенбаевге окшоп?!!

Кыргызстанда эмнелер болуп жатат?!! Жансакчы УКМКны жетектесе, шопур президенттик администрацияны жетектесе, тарыхчы-неудачник Улуттук Банкты жет
+3
grace
2017-09-14 12:28:12
Аташканын дагы бир эркеси. Ырчы музей башкарса, тарыхчы Улуттук Банкты башкарат имиш. Оозу кыйшык болсо да аташканын эркелери сүйлөсүн деген заман азыр...
+4
Alixan-Nookat.2015
2017-09-14 15:05:47
Бизде бир адамды оз кесиби менен кызматка койбой калды.Ойдо жок кызматты аркалап калышын толук мумкун азыр агроном Улуттук коопсуздук кызматы, шофер кок борунун федерациясынын президенти мына бугун дайындалган улуттук банктын жетекчиси ж.б.у.с. толтура ошон учун онукпойбуз алына жараша иш кылуу, чымчыкты сойсода касапчы сойсун деген жок бизде.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан