Кубанычбек Кулматов Улуттук банктын төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңеш Улуттук банктын төрагасы кызматына Кубанычбек Кулматовдун талапкерлигин карады. Кулматов депутаттардын бир катар суроолоруна жооп бергенден кийин анын талапкерлиги добушка коюлуп, 70 добуш менен менен жактырылды.

Эске сала кетсек, кесиби боюнча тарыхчы Кубанычбек Кулматов буга чейин Бажы кызматын, Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондун жетектеген. Мындан тышкары өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
rysik79
2017-09-14 13:15:42
Экономист тугонгон го.
+3
Patriot7
2017-09-14 13:52:13
Кулматовдун торага болоору кун мурунтан эле чечилген... Бугун президент болсом тоону томкором деп жаткан Бабанов менен Торобаевдин фракциялаш депутаттары Кулматовду колдоп добуш беришсе тан калбайм. Ошондой да болду окшойт.....
+1
shankol88
2017-09-14 13:53:07
Жегичтер жегенди койушкангоо...
+4
Nazar76
2017-09-14 14:09:44
Кубанычбек байкебиз бир жумуштан чыгып дагы бир жакшы жумушка кирип жүрөт молодец колунан келеби жее келбейби кызыктырбайт экен бул байкебизди
+1
grace
2017-09-14 14:19:07
Оозу кыйшык болсо да аташканын эркелери сүйлөсүн деген заман азыр.
+3
Emilzima
2017-09-14 14:36:17
ушуну корсом эле "коррупциянын атасын" коргондой боло берем.же чын эле ошондойбу?
+4
yasmina_kg
2017-09-14 14:55:10
Кулматов чункур жерди баспай калдыго.Кайда акча коп ошол жакта Кулматов.
+2
Arlenchik
2017-09-14 18:44:51
Ээ ушу жоголбой койду, ылам бир жирный жерге отуруп же бир дайылданган кызматына татыктуу иштеп алгылыктуу бир иш кылсачы, ордунан козголбой жеп ичип журуп башка ишке которулуп кетет, кыскасы атасынын жакшы жеринен места алыптыр))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан