Мадумаров: "Бабанов, Төрөбаев жана Сариев менен биригүүбүз боюнча аябай кызуу сүйлөшүү жүрүп жатат"

Президенттикке талапкер Адахан Мадумаров Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаевдин тандемине кошулушу мүмкүндүгүн четке каккан жок.

Анын айтымында, учурда Темир Сариев, Өмүрбек Бабанов, Бакыт Төрөбаев жана Адахан Мадумаровдун биригүүсү боюнча аябай кызуу сүйлөшүү жүрүп жатат. "Мен өткөндө маалымат жыйынын куруп айткам. Азыркы саясий баш аламандыкты токтотуу үчүн президенттик жарышка катышуудан баш тартып, өлкөдө тартип орното ала турган саясий эрки бар талапкерлердин бири менен биригүүгө даярмын деп. Ошол боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", - деди SUPER.KG порталына Мадумаров.

Айта кетсек, өткөн аптада президенттикке талапкерлер Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс") менен Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата Журт") биригип жатканы айтылган. Бул маалыматты аталган эки саясатчы төгүнгө чыгарып же ырастай да элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан