Казак аскерлери Сирияга жиберилиши мүмкүн

Эгер Бириккен улуттар уюму Казакстандын аскерлеринин Сирияга жиберилиши боюнча чечим кабыл алса, алар ал жакка жөнөтүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев билдиргенин чет элдик маалымат каражаттары жазды.

Буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн аскердик күчтөрүн Сирияга жиберүү боюнча эч кандай сүйлөшүү болбогонун айтып, бийлик ушул позициясынан жазбай турганын билдирген.

Эгер Бириккен улуттар уюму биздин аскерлерди Сирияга жиберүү боюнча чечим кабыл алса, биз БУУнун мүчөсү катары аны аткарышыбыз керек. Бирок аскерлерди согуш талаасына жиберүүдө парламенттин макулдугу керек”, - деди Назарбаев.

Казакстандын борбору Астана шаарында Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн алтынчы этабы башталганын чет элдик басылмалар жазышууда. "Буга чейин сүйлөшүүлөр беш жолу 2017-жылдын январь, февраль, март, май жана июль айларында өткөн. Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катары Орусия, Түркия, Иран биргелешип август айында согуштук аракеттер азайып калган аймактарды аныктоочу жумушчу топту түзүү чечимин кабыл алышкан. Мындан тышкары Сирия аймактарын чырдан, согуштук аракеттерден алыстатуу меморандуму кабыл алынган. Бул макулдашуунун максаты кыйноолордун алдын алуу, Сириянын биримдигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо, ошондой эле жаңжалдарды жөнгө салуу", - деп жазышат басылмалар.

Эске сала кетсек, быйыл июнь айында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Владимир Шаманов Кыргыз Республикасына жана Казакстанга аскерлерин Сирияга жиберүү маселеси боюнча сунуш берип, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин орусиялык ЖМКларга билдирген. Андан соң президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз тарап менен бул боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр, сунуштар болбогонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
talant83
2017-09-14 19:07:41
Ал биздин согуш эмес, акырын Кыргызстанды дагы тартат.
+1
maks94.kb
2017-09-14 19:12:35
Башканы койуп биздикилер алакандай кыргыз жерин коргоп алалы сырттан 4 сакалчан кирсе теролис деп вес Кыргызстан тревога болобуз
+2
afina66
2017-09-14 21:42:00
Дух жетсе жоноткуло бекитип жата бербей
+1
Solnyshko3
2017-09-14 22:02:02
Банка жактын аскерлери барса болбойб, Мисалы Россия
0
Azatbek83
2017-09-15 00:53:27
Solnyshko3,Оруссиянын аскерлери ошол жакта эле журушот месный да болуп калышты окшойт.
+3
cfif03748
2017-09-14 22:38:27
Кыргызстандан 120 аскер гана барышы керек
+9
Altai85
2017-09-14 22:56:25
cfif03748 туура айтасын.
+2
tular
2017-09-15 08:38:45
cfif03748, алар в жизни барышпайт
+2
azamat1978
2017-09-15 11:13:48
Биздин презденда тымбай путин деп калды аскелерди жонотконго макул болдубу элге айтпай жен ичинде кол койдубу
+1
Azatbek83
2017-09-15 15:12:57
azamat1978,Ал киши артын ойлоп Путин поддержка берсин досум президент болгонго болбосом Текабаев чыкса ордуна мен барып алмашам деп журот озунун иши менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан