Бишкек шаарындагы "Ош базарынын" айланасында рейд жүргүзүлүп, мыйзамсыз жарнактар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар тургундарынын жана жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо, укук бузууларды алдын алуу жана баш аламан соода жайларын иретке келтирүү максатында рейд жүргүзүлүп, соода жайлары, мейманкана, сауналар текшерүүгө алынды. Жыйынтыгында мыйзамсыз иш жүргүзгөндөргө акт түзүлдү.
"Жүргүзүлгөн рейддин алкагында Рыскулов, Павлов, Бейшеналиева, Москва көчөлөрү кароого алынды. Санитардык жана экологиялык кызматы тарабынан акт түзүлүп, 4 ишкерге эскертүү берилди. Мындан сырткары мыйзамсыз 120 жарнак такталары алып салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.