Бүгүн, 15-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында таза шайлоо жана элдик маселелерине арналган иш-чарага катышууда. Анын жүрүшүндө Акаев жарандарды президенттик шайлоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн коркпоого чакырды.
"Мыйзам боюнча шайлоодо кайсы бир талапкерге добуш берүүгө мажбурлаган чиновник жоопко тартылат. Өз укугуңарды коргогонду билгиле. Биз мал эмеспиз, ар бирибиздин оюбуз, жактырган кишибиз бар. Эгер кимдир бирөө коркутса бизге кайрылгыла, ошол кишинин аты-жөнүн айткыла, биз аны жоопко тартканга аракет кылабыз", - деди депутат.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.