Кечээ, 14-сентябрь күнү Бишкек-Ош каттамы боюнча "ТезЖет" DJ -117 аба каттамындагы учак өз убагында учпай, бир саат кармалгандыгы боюнча интернет колдонуучулар социалдык түйүндөргө жазышкан. Анда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Искендер Матраимовдун мас абалында болуп, мындан улам учак кеч учканы айтылган.
"Бишкек-Ош каттамы боюнча "ТезЖет" DJ -117 аба каттамындагы учак 14-сентябрда саат 19:45те учмак. Бирок учак бир саатка кеч учту. Мунун баарына бир адам күнөөлүү болду. Бүтүндөй жүргүнчүлөр бир адамды күтүүгө аргасыз болдук. Бир сааттан кийин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов мас абалында келди. Учактын салонунун жарымы жаш балдар болгондуктан алар ачка, чарчап ыйлашты. Качан бул баш аламандык токтойт, бул мыйзамсыздыктарды тескөөчүлөр болобу?" - деп суроо салган интернет колдонуучу Дамира Акунова.
Ал эми "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы бул маалыматты төгүндөп, учак салонду тазалоо иштерине байланыштуу 26 мүнөткө кармалганын билдирди.
"Учак бир саат эмес 26 мүнөт кармалган. Бул учактын салонун тазалоо иштерине байланыштуу болгон. Жургүнчүлөрдүн баары кечикпестен өз убагында эле келип каттоодон өтүшкөн. Каттамдын кечигиши депутат Искендер Матраимовдун кеч келишине байланыштуу эмес", - деп билдиришти аэропорттон.
Депутат Матраимов 14-сентябрь күнү Бишкек-Ош каттамы боюнча "ТезЖет" DJ -117 аба каттамы менен учканын ырастап, сүрөттөгү да өзү экенин айтты. Бирок эл өкүлү 15 жылдан бери спирттик ичимдигин ичпей калганын жана учакка каттоодон 40 мүнөт мурда барганын айтты.
"Мен спирт ичимдигин такыр ичпегениме 15 жыл болду. Өзү учакка дайым 40 мүнөт эрте барам. 14-сентябрь күнү да эрте барып аэропортто күтүү залында турдум. Кийин депутат Жыргалбек Калмаматов келди. Экөөбүз 40 мүнөттөн ашуун сүйлөшүп турдук. Аэропорт кызматкерлеринен эмнеге кечигип жатканын сураганыбызда, техникалык себептерге байланыштуу дешти. Андан кийин 20 мүнөттөрдө учакка отурдук. Мен отургучка отурганда эле телефондо интернеттеги маалыматтарды окуп жаткам. Ошол кезде сүрөткө тартып калышыптыр. Саясат өз жолунда, бирок мынчалык деңгээлде бирөөнү каралоо адамгерчиликке сыйбаган иш", - деди депутат Матраимов.