ЖЫЛНААМА, 15-СЕНТЯБРЬ: 17 жашында алгачкы унаасын кураган Этторе Бугатти 136 жыл мурун туулган

"Бугатти Вейрон" дүйнө жүзүндөгү эң кымбат автоунаалардын катарын толуктайт. Бул автоунаанын кыймылдаткычынын күчү миңден ашуун аттын күчүнө барабар, баасы 1 миллион доллардан ашат. Бул автоунаалардын жаратуучусу Этторе Бугаттинин жарык дүйнөдөн кайтканына көп жыл болгондугуна карабастан, анын аты азыркы мезгилде да ылдамдык, күч жана кымбат баа менен байланышкан.

Сүрөтчү болуу кыялы орундалган эмес

Келечектеги белгилүү Этторе Бугаттинин атасы Карло Бугатти Европадагы белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири болгон. Карло өзүнүн балдарын искусствого жакын инсандардан болушун каалаган. Уулдарынын бири Рембрандт атасындай сүрөтчү болбосо дагы, дүйнөгө таанымал айкелчи болгон. 1881-жылы 15-сентябрда жарык дүйнөгө келген Этторе өзүнүн бала чагынан тартып эле техникага жакын экенин көргөзө алган. 17 жашында ал өзүнүн эң алгачкы автоунаасын кураган. Унаанын көптөгөн жетишпестиктери болгону менен, ал Миланда өткөн көргөзмөдө күмүш медаль жеңип алган. Мындай ийгилик жаш конструкторго дем берип, алган акчалай сыйлыгы алдыга умтулуусуна түрткү болгон. Мурда кетирген каталарын эске алуу менен, эки жыл ичинде кайрадан жаңы унаа курап чыгат. Бул жолкусунда алтын медаль жеңип алат, ошону менен бирге эле ага ар кайсы компаниялардан көптөгөн сунуштар түшөт.

"Бугаттинин" жаралуусу

Аз убакыттын ичинде Этторе Европанын көптөгөн унаа чыгарган жайларында иштеп көргөн. Буга карабастан ал унааларды өзү иштеп чыгууга дагы убакыт тапкан. 1908-жылы ал үйүнүн жер төлөсүндө жаңы унаанын үстүнөн иштей баштаган. Өзгөчө кузовго ээ бул унаа оңой башкарылуучу жана ылдамдыгы жогору болгон. 1909-жылы Этторе үчүн өзгөчө жыл болгон. Бул жылы 30 жаштагы Этторе уулдуу болуп атын Мария Карло Бугатти койгон жана дал ушул жылы ал башкалардын кол алдында иштөөнү токтотуп, өзү унаа чыгарууну колго алган. Бул убакта анын өзгөчө кузовго ээ «type 10» унаасы толук бүткөн.

Алгачкы жеңиштер

Өзгөчө кузовго ээ «type 10» өзгөрүүлөргө дуушар болот. Кайрадан иштелип чыккан унаа "Тип 13" аталып кийинки 16 жыл бою эч өзгөрүүсүз чыгып турган. Бул унаа 1921-жылы "Гран-При" сынагында алдынкы 4 орунду жеңип Бугаттинин фирмасына алгачкы популярдуулукту алып келет.

Өлүм алып келген унаа

1939-жылы Этторенин сүйүктүү уулу Жан автоунаа кырсыгынан көз жумат. Бул окуяны Этторе өтө оор кабыл алган. 1947-жылы Парижге болгон саякатында Этторе суук тийип ооруп калат, убакыттын өтүшү менен оорусу күчөп, 66 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Азыркы учурдагы "Бугатти"

Азыркы учурдагы "бугатти" автоунаалары дүйнө жүзүндөгү эң кымбат жана жогорку ылдамдыкта жүргөн автоунаалардын катарын толуктайт. Дүйнө жүзү боюнча "бугаттинин" дүкөндөрү жүздөп саналат.

15-сентябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fatimnazz
2017-09-17 09:46:49
4 жана 6 жаштагы абамдын балдары гта ойноп жатышыптыр. Карап турсам бугаттини алсан аябай катуу журот деп айтышса тан калдым.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан