Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун тургуну Нурмухамед Оморалиев үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районундагы Жеңижок көчөсүнүн тургуну 1999-жылы туулган Нурмухамед Оморалиев 28-август күнү кечки саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.
Белгилери: Бою 160-165 сантиметр. Ак жүздүү, чачы кара. Кийген кийимдери: үстүндө кара, сары жеңи жок көйнөк, астында көк түстөгү чолок шым кийген. Өзгөчө белгилери: оң көзүнүн капталында калы бар.
Милиция кызматы дайынсыз жоголгон Нурмухамед Оморалиевди көргөн билгендер болсо Жалал-Абад ШИИБине же 102 нөөмөт бөлүмүнө кабар берип коюуңуздарды өтүнөт. Байланыш номери 0 (3722) 5 28 31.