Дүйнө жүзүндө курсагы тоё тамак жебей, ачкачылыктын азабын тартып жашагандардын саны 815 миллионго жетти. Бул тууралуу БУУнун гуманитардык 5 уюмунун докладында окулгандыгын РИА Новости агенттиги жазган.
Ачкачылыктан азап тарткандардын саны акыркы 10 жылда азайганы менен, учурда согуштук чыр-чатактардан, климаттын өзгөрүшүнөн улам кайрадан алардын саны өсүүдө.
Ошол эле учурда былтыркы жылдагы маалыматка ылайык, ашыкча салмактан жапа чеккен балдардын саны 41 миллионго жетип, жалпы бөбөктөрдүн 6 пайызын түзгөн. Бул көрсөткүч 2005-жылы 5 пайыз болчу.
Изилдөө жүргүзгөн уюм чыр-чатактар көп мезгилден бери токтобой келген өлкөлөрдө азык-түлүк каатчылыгы өзгөчө байкала тургандыгын кошумчалашкан. Буга мисал катары акыркы 6 жылдын ичинде Сириянын агрардык секторуна 16 миллиард доллар зыян келгендигин айтышкан.