Журналист Сыягүл Караман таанымал саясатчы, дүйнө лидерлеринин бири, Орусиянын президенти Владимир Путин менен кантип маектешкендигин SUPER.KG порталына айтып берди.
Ал өз сөзүндө мындай ойду көптөн бери ойлоп жүргөнүн, бирок мүмкүнчүлүк түзүлөрүнө ишенбегендигин айтты.
"Июль айында расмий түрдө өтүнүч жөнөткөнбүз, бирок мүмкүнчүлүк болоруна деле ишенген эмес элек. Формалдуу гана "жок" деген жооп күткөнбүз. Кийин эле "өзүңүздөрдү тааныштырган маалымат керек" деген жооп келди. Маалыматты жөнөтүп, ага кошумча өткөн жылы президент Атамбаев жөнүндө "Атанын конушу" аттуу биз тарткан кино тууралуу да кошуп койдук. Мына ушул чечүүчү ролду ойноду окшойт", - дейт журналист.
Андан сырткары ал маектешүүнүн натыйжасында өзү көздөгөн максатына жеткенин, маек абдан жылуу маанайда өткөнүн айтты.
"Интервьюдан алган сезимдер укмуш. Борис Ельциндин 1999-жылы 31-декабрда элин кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап жатып айткан сөзү белгилүү. Анда "Орусия жаңы кылымга жаңы - акылдуу, күчтүү саясатчылар менен кирип жатат" деген. Дүйнө коомчулугу ошондо биринчи жолу Владимир Путин тууралуу билген. Мен да ушул сөзгө ынандым, Путинде харизма жана энергиясы ашып-ташып турат экен. Дүйнөлүк державанын лидери мени менен маектешүү үчүн 723 секунд бөлдү", - дейт Сыягүл Караман.
Айта кетсек, аталган интервью 14-сентябрда Орусиянын Сочи шаарында орун алып, анда журналист Сыягүл Караман Путин менен Кыргыз-Орусия алакасы тууралуу маектешкен. Мындан тышкары журналист өзү айткандай, башка дагы саясий лидерлер менен интервьюлар күтүлүүдө.