Мамкаттоо кызматы: "Шайлоодо үгүтчүлөргө паспорттогу маалыматтарды бербеш керек"

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин үгүтчүлөрүнө паспорттун көчүрмөсүн жана идентификациялык номерлерин бербеши керектигин эскертти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үгүт иштери башталгандан бери айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды ID паспортун биометрикалык паспортко алмаштырууга чакырып, болбосо шайлоого катыша албай калышарын айтышууда. Жарандар добуш берүүгө ID паспорт менен да, алмаштырылган жаңы паспорту менен да катыша алат.

"Азыр айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү жарандардын паспорт көчүрмөлөрүн алып, айрым учурда сүрөткө тартып, идентификациялык номурларын жазып алып шайлоодо ошол талапкерди колдоого чакырып жатышыптыр. Кээ бир учурда бул паспорттогу маалыматтар аркылуу жарандардын кимге добуш бергенин билсе болот деп шайлоочуларды коркутуу сыяктуу аракеттер да жүрүп жатыптыр. Бизге ушундай кайрылуулар түштү. Үгүтчүлөр бул паспорттогу маалыматтар менен эч нерсе кыла албайт. Болгону паспорттогу бул жарандардын жеке маалыматтары болгондуктан биз аны үгүтчүлөргө бербөөгө чакырып жатабыз", - деди мекеменин басма сөз катчысы Мелис Эржигитов.

Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды катталган аймактык шайлоо комиссиясына барып же БШКнын расмий сайтынан, ошондой эле 119 номери аркылуу байланышып, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүнүн бар же жогун кечиктирбей текшерип алууга чакырууда.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Учурда ага катышууну каалаган 13 талапкер үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
barsbegKG
2017-09-16 16:17:26
Мелис Эржигитов 1.5ай мурда кайда жүрдүң эле??? КСДП партиясы мурда эле баштаган бул ишти. Қырғызстанды түрө кыдырып паспорттогу номерлерди чогултпаган айылы калган жок бул уятсыздардын.
+8
Tansuluu09
2017-09-16 16:28:59
Нагло эле паспорторун алып атышыптырго паспортунарды бергиле деп
+2
tynara81
2017-09-16 16:45:08
Мен да өз колум менен жазып бердим, үй бүлөдөгү шайлоого жашы жеткен адамдардын паспорт данныйын. Эртерээк эскертпейт белеңер. Айылдагы ФАПтын медсестралары жазып жүрүшкөн, ,шайлоо тойгозду дешип.
+3
atakyzy
2017-09-16 17:14:08
ООО эми чогултуп бутуп айтып атат гоо
+3
Zalkar_Shamaldy-Sai
2017-09-16 17:18:36
Бизди универде паспортту алып 002 документ толттуртту
+3
kenjebek_a
2017-09-16 17:21:07
10 Октябрда айтпайсынарбы шефинер эмне дейт эми же жетишерлик бюльтендерди жасап буттунорбу.Уялбай эми акыл айтпай.Мин суйлоп десенер да эл ишенбейт силерге.Бабаяганарга да ишенич жок.Издебей шеф кылып берген силерге окшошкон аферистер.
+2
almazbei
2017-09-16 17:44:51
14 октябрда айтыш керек болчу да , бир аз эртереек айтып алдынарго ?!
+2
ice87
2017-09-16 19:53:03
Качан данныйын алып бутуштуго,а тугул Жээнбековду шайлайм деп кол коюп бердик го.Коё бер киргенде каалаганынды шайлайсында дейт.Анан билбейм паспорттун данныйын эмне кылат?
+1
bakulya2015
2017-09-16 21:23:44
Туура бербеш керек. Мажбурлагандарды сотко беруу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан