Адахан Мадумаров менен Өмүрбек Бабанов Өзгөндөгү шайлоочулардын алдына чогуу чыгышты

Бүгүн, 16-сентябрда президенттикке талапкерлер Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан") менен Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата Журт") Өзгөн районундагы шайлоочулар менен жолукту. Алар эл алдында президенттик жарышка катышып жаткан төрт талапкердин биригүүсү боюнча кызуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтышты.

"Мен эмне үчүн Бабанов, Төрөбаев, Сариев, Мадумаровду кайра-кайра айтып жатам? Үч ай мурун чакырык таштадым эле. Эгерде кимде ким элибизди жолго баштай турган болсо, башка мамлекетке, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, көтөрүп ала турган болсо мен чыга алам. Кел биргелешип баралы, бирге жасайлы. Мен айтып жаткан максаттарды ким жасайт, мага кызыгы жок. Бирок жасай турган адамга тууну бергиле. Бүгүн биздин программалар дал келгени үчүн биригүү жөнүндө сүйлөшүп жатабыз. Эртең Темир Сариев менен сүйлөшөм. Төрт азаматтын бириктик деп, арабыздан бирөөнү тандап чыгарабыз", - деди Адахан Мадумаров.

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов да Адахан Мадумаровдун сөзүн кубаттады.

"Саясаттагы атаандаштыкта душман эмес, саясаттагы атаандаштыкта акыл жүгүртүү керек. Мен ойлойм, бүгүн өтө чоң тарыхый иш болуп жатат. Жылдар өткөндөн кийин ушул күн тарыхка алтын тамгалар менен жазылат деп мен ишенем", - деди Бабанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан