Президенттикке талапкерлер Өмүрбек Бабанов менен Бакыт Төрөбаев бириккенин жар салышты. Аталган саясатчылар 17-сентябрда Жалал-Абад шаарында эл менен жолугушууда чогуу чыгышып, алдыдагы саясий күрөштө бир күч болорун ырасташты.
Жолугушуу Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда өтүүдө.
Бакыт Төрөбаев: "Менин досум, кесиптешим Өмүрбек Бабанов менен максаттарыбыз окшош. Экөөбүз көп жолугушуп, көп сүйлөштүк. Биздин максаттарыбыз көп жагынан окшош экен. Бийлик тараптан биригүү сунуштары болду, бирок баш тарттым. Биз башка багытта иш алып барабыз, биз бийликке татыктуу атаандаш болобуз. Бүгүн Бабанов-Төрөбаев саясий тандеми түзүлгөнүн расмий жарыя кылам. Мындан ары биздин урааныбыз - "Бабанов президент, Төрөбаев премьер-министр" болот", - деп билдирди.
Ал эми Өмүрбек Бабанов: "Бүгүн тарыхый окуя, президенттик шайлоо алдындагы саясий бурулуш. Бакыт Эргешевич менен "Республика" партиясын түптөгөнбүз, достук мамиледебиз. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки чоӊ саясий күч биригип жатат", - деди.
Аталган 2 саясатчынын биригери өткөн аптада айтылган.
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.