Жогорку Кеңеште "Пирамиданы" парламенттик телеканал кылуу сунушталды

Жогорку Кеңеште "Пирамиданы" парламенттик телеканал кылуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда парламенттин тийиштүү комитетинде Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу баяндама жасады.

Анын айтымында, аталган телеканал парламенттеги жалпы жыйындарды түз алып көрсөтүп жатат. “Бир жылдын ичинде телеканалдан парламенттин ишмердүүлүгү көп чагылдырылды. “Пирамида” Жогорку Кеңештин карамагына өтө турган болсо, парламент аркылуу каржыланат жана көзөмөлдөнөт. Жалпы жыйындан сырткары фракция, комитет жыйындарын, коомдук талкууларды дагы түз алып көрсөтөт”, - деди ал.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев 5-канал парламенттик телеканал болуп эсептеле турганын эскертти. “5-каналдын парламенттик канал деген макамын жокко чыгарып, “Пирамиданы” парламенттик кылуу керек”, - деди.

Жыйынтыгында депутаттар бул маселени изилдеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү керек деген чечимге келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2017-09-18 17:42:02
Парламенттеги депутаттардын санын азайтыш керек. Ошондо ар куру сөздөрдү жоготуп иштей башташат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан