Бүгүн, 18-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев "Liglass" менен Кыргыз өкмөтүнүн келишими бузула турган болсо эмне боло турганын журналисттерге айтып берди.
Ал келишим бузула турган болсо Кыргыз өлкөсүнө чакан ГЭСтерди куруу боюнча кайрадан сынак жарыяланарын белгилеп: "Инвесторлор келип жатат. Индиядан, Түштүк Кореядан келип жатышат. Эми Чехия десек эч ким ишенгиси келбей жатат", - деди.
Эске салсак, 10-июлда өлкөгө ГЭС куруу боюнча Кыргыз өкмөтү менен "Liglass" чех компаниясынын ортосунда келишимге кол коюлган. Чех компаниясы 30 банктык күн ичинде кыргыз тараптын орусиялык "Русгидро" ишканасына болгон 37 миллион доллар карызын төлөп бериши керек эле. Ал эми Энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети 13-сентябрда "Liglass" акчаны 19-сентябрга чейин которсо болот деп билдирген.
Келишим түзүлгөндөн кийин ЖМКлар чехиялык "Liglass" компаниясы көпчүлүккө таанымал эмес, банкрот абалына кептелген шектүү компания экенин жазып чыгышкан болчу. Ошондой эле Кыргыздын Тышкы иштер министрлиги аталган компания менен иштешпөөнү эскертип, Улуттук энергетикалык холдинг компаниясына 2017-жылдын март айында кат жолдогону тууралуу маалымат тарап, каттын көчүрмөсү жарыяланган.