Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Кичи-Айдаркен айылында 32 жаштагы аялды белгисиз адам 9-сентябрда үйүнө келип себепсиз уруп качып кеткени, айылдын тургундары анын мындай аракетинен кооптонуп жатышканы кабарланган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова ал адамдын ким экендиги аныкталганын SUPER.KG'ге билдирди.
"Ал Баткен районундагы Таян деген айылдын 1972-жылы туулган Абдималик Сабиров аттуу тургуну экени белгилүү болду. Сабиров 2017-жылдын 14-июлунда үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан. 9-сентябрда Кадамжай районундагы Кичи-Айдаркен деген айылга келип саат 22:15 чамасында бир аялды себепсиз уруп качып кетиптир. Ал психикалык жактан жабыркайт. Азыр райондук милиция кызматкерлери жана айыл тургундары аны кармоо үчүн издеп жатышат. Айрымдары ат менен чыгышты", - деди Юсупова.
Айрым маалыматтарга караганда, ал адам 10-сентябрда да аталган айылдагы үйлөрдүн бирине кирип келип, ошол үйдө жашаган аялды муунтууга аракет кылган. Бирок аял кыйкырып жибергенде качып кеткен.