Өмүрбек Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү: “Үгүт баннерлерине түшүп калган чиновниктердин сүрөтүндө мыйзам бузуу жок”

Бүгүн, 20-сентябрда БШКнын отурумунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт баннеринде дагы бир президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун сүрөттөрү пайдаланылганы айтылды. Мындан башка Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовдун сүрөтү да Бабановдун баннерлеринин бирине илинген. Мындан улам БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов "мыйзамда мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерине аралашканга уруксат берилеби?" деп талапкер Бабановдун өкүлүнө суроо салды.

"Бул жерде мыйзам бузуу болгон жок. Мамлекеттик кызматкерлердин үгүт жүргүзүүгө укугу жок. Бирок баннерге сүрөтү илинсе мыйзам жол берет", - деди Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан