БШК Бабановго эскертүү берди

Бүгүн, 20-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун баннерлерине илинген талапкер Сооронбай Жээнбековдун, ӨКМнын министри Кубатбек Бороновдун, Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовдун сүрөттөрү илингени боюнча маселени карап чыгып, талапкер Бабановго эскертүү берди. БШКнын жыйынында мындай чечимге 8 мүчө "макул" деп, калган төрт мүчөсү бул маселеге "каршы" добуш берди.

Бүгүн БШКнын отурумунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун үгүт баннеринде дагы бир президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун сүрөттөрү пайдаланылганы айтылды. Мындан башка Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисовдун сүрөтү да Бабановдун баннерлеринин бирине илинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан