СУПЕРСТАН: "Жездем ары өтүп, бери өтүп эжеме тийише берет экен"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жездем эжеме тийише берет экен..." деген тема талкууга алынууда.

Темадагы автордун билдирүүсү:

"Өткөндө эжемдин үйүнө барып алар менен чогуу бир жума жашап калдым. Анан жездем ары өтүп, бери өтүп эжеме тийише берет экен. Бир туруп жамбашка чаап кетип, бирде болсо бекем кучактап коё бербей, эжем да ага көнүп калыптыр, "кой" дегендин ордуна күлүп коёт. Анан сурасам "ооба, бул ушинте берет" дейт. Силерде дагы ушундай болобу же андай эмеспи?"

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Аялына тийишпегенде кимге тийишмек эле деген ой келет экен. Бирок үйдө бирөө-жарым бар убакта өзүн бир аз кармабаса, минтип жайылып кетет да үй-бүлөдөгү сыр".

"Эми ушуну да элге жайып, бирөөнүн жеке жашоосун жарыялаштын кереги бар беле? Кучактайбы, жабышабы же чапташып калабы ал ак никелүү жубайы. Аялынын көңүлүн ар кандай жол менен алып, таттуу жашаса анын эмнеси жаман. Унчукпай күлүп коёт экен деп капаланба. Зыртылдап заарын чачса, эртең эле жездең башкасын оңой эле табат. Эртең турмушка чык, анан ушул темага кайрыл".

"Эжеңе тийишпей сага тийишсинби анан?"

"Жездеси эжесине тийишсе сиңдисине ыңгайсыз болгон го. Тийишкенин көрүп сүйүнүү керек. Урушуп талашып, мушташканын көрсөң эмне болот эле? Сага жакпаса эжеңе жагат да".

"Бирок бир жагынан карасаң, балдызынын алдында жамбашка чаап кетсе, кучактап кетсе туура эмес го. Автор өзүң да желмогуздай болуп бир жума жүрө бербе да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
APCEH
2017-09-21 17:15:57
Мен башкача ойлоптурмун.:-D
0
Hadyja
2017-09-21 17:32:36
Байкуш авторду оло сындагансынар го?Балким,жаш кыздыр,азырынча анча-мынчаны биле элек,ошого уят гоо андай кылганы деп жазгандыр.Мен учун деле эжелерим-жезделерим ыйык адамдар,сыйлайм,ошого алардын андайын коргум келбейт.
Улуулар уяттуу болгону эле жакшы,негизи.
+3
afina66
2017-09-21 17:58:26
Анын емнеси бар Ботон бир аялга тийшкендей айтыпсын Сен деле унчукпай кулуп койда билмексен болуп Анан бул жарыя кылбай еле койбопсун
+1
Asyl10
2017-09-21 18:15:22
Ары-отуп бери отуп тийишсе,демек жакшы корот эженди, сен эмне эле аларды кайтарып бир апта жаттын, кет бир кун, эки кун туноп,мишайбай аларга.Сен кеткенде ухххх деп жыргап эле калышкандыр. Эжендин уйуно барганда жездендин кылыгын текшербей озун менен озун болгун шайтан кыз.
+11
Rasul94
2017-09-22 21:00:24
Asyl10,эзип койупсун
+1
Komrad
2017-09-21 18:48:19
Карабаш керек и все
+2
Rasul94
2017-09-21 19:44:56
ошону деле айта береби.болбогон тема
+2
beka1207
2017-09-21 22:25:45
Автор өзүң желмогуздай болуп бир жума жүрө бербе да" дегени жакты да))))
+4
Kroxa
2017-09-22 12:49:59
Жабышканы жакшы да тунт куйоолор да бар аялы барбы жокпу баары бир ноль внимание деген..биздин куйообала ошондой эле азыр 5 баланын атасы болду..тамашалашкан жубайлардын жашоосу конулдуу..болот
+1
Truelensk
2017-09-23 10:22:56
Третий лишний деп тушундуруп атса да бир апта журуптур да Кумондор болуп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан