Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов Нарын облусундагы жолугушуу учурунда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов ("Республика-Ата-Журт") менен бирге эл алдына чыкты. Мындан тышкары "Ата Мекенчи" мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, шайлоочулардын өз тандоосун жасоосуна тоскоол болбоого чакырды.