ЖЫЛНААМА, 24-СЕНТЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 45 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов 45 жашка толду. Ал 1972-жылы 24-сентябрда Ош облусунун Ноокат районундагы Шанкол айылында туулган.

Ал М.Абышев атындагы ОшТУнун экономика факультетин, 2003-жылы Ж.Баласагын атындагы КМУУнун юридика факультетин бүтүргөн.

Алтынбек Сулайманов эмгек жолун 1989-жылы Ноокат районундагы "Ленинизм" колхозунун жумушчусу болуп баштаган. 1990-1992-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1992-1997-жылдары Ноокат районундагы "Шанкол" колхозунун жумушчусу, 1997-1999-жылдары – "Монолит-Ош" ишканасынын филиалынын инспектору болуп эмгектенген. 1999-2001-жылдары "Алтын-темир" корпорациясынын директорунун орун басары, 2001-жылдын май айынан сентябрь айына чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башкы инспектору болгон. 2001-2007-жылдары – "Темир" мамлекеттик ишканасынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп иштеген.

Ал эми 2007-2010-жылдары Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болгон.

2010-жылдын ноябрь айында "Республика" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.

2015-жылдын октябрь айында "Бир Бол" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Учурда “Бир бол” фракциясынын лидери.

24-сентябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан