Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз жазды

Камчыбек Ташиев президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын аппарат жетекчиси Бакыт Жумагулов билдирди.

Анын айтымында, баш тартуу боюнча арыз мекеменин жалпы бөлүмүнө түшкөн.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер болуудан баш тартып талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой турганын 20-сентябрь күнү Сузакта эл менен жолугушуусунда билдирген.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан