Эмилбек Каптагаев "Биометрика колдонулган шайлоо системине элдин ишеними аз" деген ойдо

"Биометрика колдонулган шайлоо системине элдин ишеними аз", - деген оюн бүгүн, 26-сентябрда "Таза шайлоо үчүн" жарандык кыймылынын маалымат жыйынында кыймылдын мүчөсү Эмилбек Каптагаев билдирди.

"Адамдар техникага ишенбей жатат. Мунун себеби биометрикалык маалымат менен буга чейин бизде мындай чоң шайлоо өткөн эмес. Бирок биз ушул системди бышыктап, ишенимди арттырууга баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Учурда мурдагы шайлоолордогу кемчиликтерди жоюуга карата БШК өзү да бир топ иштерди жасап жатыптыр. Биз өзүбүз күбө болдук. Колдон келишинче бул шайлоону таза өткөрсөк деген тилек болуп жатат", - деди Каптагаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан