Бүгүн, 26-сентябрда парламенттин Экономикалык жана фискалдык комитетинде “Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматы автоунаа ээлери салыкты төлөсө да маалыматтык эсептөөнү бербегени үчүн айып пул салып жатканына нааразы болду.
Анын айтымында, 2 миң сом айып пул салынууда. “Салыкты төлөбөгөндөргө айып пул салынышы керек. Маалыматтык эсептөөлөрдү бербегени үчүн айып пул салынбайт. Бул маселе боюнча карап чыгып, чечүү зарыл”, - деди Жапаров.
Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевдин айтымында, мыйзамга ылайык, унаа салыгы боюнча маалыматтык эсептөө 1-апрелге чейин берилиши керек болчу, андан кийин 1-сентябрга чейин салыкты төлөө зарыл.
Акылбек Жапаров Мамлекеттик каттоо кызматында маалыматтар болсо маалыматтык эсептөөнү чогултуунун кажети жок экенин айтты.