Депутат көк бөрү оюну боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүүнү сунуштады

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров көк бөрү оюну боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондугун өткөрүүнү сунуштады.

Ал билдиргендей, аталган оюн Кыргыз элинин улуттук спорт түрлөрүнүн эӊ кызыктууларынын бири болуп саналат.

Депутат Казакстан көкпар оюну боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрө баштаганын эске салып, көк бөрү оюнунан кандай айырмасы бар экенин сурады.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Нуржан Бардинова эки оюндун айырмасы эрежелеринде экенин айтты. Бардинова келечекте көк бөрү оюну боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондуктарын өткөрүү сунушун карап көрсө боло турганын белгиледи.

Жыйында кыргыз элинин унутулуп бараткан улуттук спорт оюндары менен салттуу оюндарын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pchelka85
2017-09-27 11:02:40
Менимче кээ бир "Депутаттар" туну менен уктабай ойлонуп чыгышат окшойт " тааак эртен эмне деп бир сунуш киргизе койсом" деп. Неважно кандай сунуш, но эптеп суйлоп калыш керек твдан же эл алдында.. Кок бору Кочмондор оюнунда дуйнолук чемпионат катары каралат го??? Же мен тура эмес ойлоп атамбы? Кыргызстанда кок борудон башка проблема жокпу??!!! Канча адамдар жумушсуз журушот, канча балдар кочолоп журушот ошолор жондо ойлонуп бир НОРМАЛЬНЫЙ сунуш киргизсе болбойбу… жолдош жепут
+2
ZHYRGAl1412
2017-09-27 16:48:51
Өткөрүш керек туура айтыптыр 2жылда бир 2жылда бир көчмөндөр оюндары ошондо ар жылы көк бөрү өтүп турат бирок жүйнөлүк деңгээлге чыгыш үчүн муляж менен тай казандын үстүнөн иштеш керек көптөгөн чет өлкөлөрдөгү жаныбарларды коргоо уюмдары мындай нерселерге каршы чыгат ошон үчүн муляжды улактын өзүндөй кылып жасаш керек
+1
ZHYRGAl1412
2017-09-27 16:53:48
Тай казандыда сыртын жумшак бышык нерсе менен орош керек адам менен ат катуу тийбегидей кылып биздикилер үйрөнүп калган бирок башка өлкөлөрдүн оюнчулары үчүн кооптуу ушулардын үчтүнөн иштемейинче дүйнөлөүк деңгээлге чыгалбайт анан кечеги казактардын кокпарындагындай сызып койгон бул өтө кызыксыз жаш балдар футбол ойногондо воротанын ордуна таш коюп алып ойногондой эле болуп калат экен
0
Jyrgal_msk
2017-09-27 21:51:48
Көк бөрү деген аталышта эле дүйнө чемпиондугун ойнотсо болот.Казактар кокпарын дуйного тааныткысы келип атат.Көк бөрү деп чыгаргыла дүйнө жүзүнө.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан