Каржы полициясынын бир кызматкери жылына 19 миң сом киреше салыгын төлөйт. Депутаттар бул салыктан бошотушу мүмкүн

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматтын кызматкерлерин киреше салыгынан бошотууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Аталган кызматтын төрагасы Замирбек Осмонов билдиргендей, мыйзам долбоор социалдык жактан камсыз кылуу жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Анын айтымында, аталган кызматтын бир кызматкеринен жылына он тогуз миң сом киреше салыгы кармалат.

Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gena1
2017-09-27 12:14:35
Киреше салыгын бардык эле кызматкерлер толоп келе жатпайбы. Толой беришсин да. Аларда башка кызматкерлерге салыштырмалуу "киреше" кенен эле го.
+5
futboler
2017-09-27 13:00:44
Келип келип ошол "байкуштарга" боорунар оорудубу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан