Бишкекте улгайган адамдардын колунан жасалган буюмдардын жарманкеси өтөт

29-сентябрда Бишкектин Эркиндик бульварындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында улгайган адамдардын колунан жасалган буюмдардын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда уюштуруучулар билдиришти.

Маалыматка караганда, "Жүрөктөн жүрөккө" деп аталган кайрымдуулук жарманкеси эл аралык карылар күнүнө карата өткөрүлөт. Ага Бишкек шаарынын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын улгайган тургундарынын кийизден, жүндөн жасалган кол эмгектери жана айыл чарба продукциялары коюлат.

Жарманкенин алкагында шахматтык турнир, 100 метрге чейин чуркоо, гимнастика жана карыган адамдардын катышуусунда бий флешмобу өтөт. Ошондой эле эстрада жылдыздарынын катышуусундагы майрамдык концерт тартууланат. Иш-чарага келгендер канындагы кантты, артериалдык басымды жана салмагын текшерип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Акциянын башкы максаты - улгайган адамдарга кошумча каражат булагын таап берүү, буга коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн буруу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан