Бүгүн, 27-сентябрда парламент Ооган согушундагы 2 кеңешчиге жөлөк пул төлөп берүүгө багытталган мыйзамды колдоду.
Мыйзамдын демилгечиси депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, аларга жөлөк пул төлөө үчүн республикалык бюджеттен жылына 144 миң сом керектелет.
“Ооган согушуна аскер кызматынан тышкары кеңешчилер дагы барган. Кеңешчилер 13 жылдай жөлөк пул алып жүрүп, кийин 2009-жылы “Согуштун ардагерлери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, кеңешчилер деген сөз алып салынган. Ошондон тарта аларга жөлөк пул берилбейт. Ооган согушунун убагында Кыргыз ССРинен 4 кеңешчи жиберилген. Бүгүнкү күндө алардын экөөсү каза болуптур. Себепсиз берилбей калган акча кайрадан бериле башташы керек”, - деп айткан Рыспаев.