Быйыл көлдөргө жана суу сактагычтарга 8 миллиондон ашуун балыктын икрасы ташталды

Өлкө аймагында балык чарбасы өнүгүү жолуна түштү. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаментинин бөлүм башчысы Эдил Ниязов билдирди.

"Кыргыз өкмөтү жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги колдоо көргөзүп, балык чарбасы өнүгүп жатат. Экологиянын бузулушу, суулардын булганышы балыктарга терс таасирин тийгизип жатканы ырас. Сууларды, балык байырлаган көлдөрдү туура колдонуп, таза кармоого аракет кылышыбыз керек. Биз жыл сайын Ысык-Көл, Соң-Көл жана суу сактагычтарга балыктын икрасын салып турабыз. 2016-жылы көлдөргө 8 миллион 53 миң балыктын икрасы салынса, 2017-жылы 8 миллион 200 миң икра салынды. Балыктарды сактоодо тиешелүү мекемелер биргеликте иш жүргүзүүсү керек. Болбосо жалгыз гана балык чарба департаменти балыктарды сактай албайт", - деп билдирди Ниязов.

Эске салсак, буга чейин Илимдер академиясында өткөрүлгөн эл аралык конференциясында экологиянын жана суунун булганышынан балыктардын түрлөрү азайып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан