Чыныбай Турсунбеков: "Өлкөнүн тиешелүү кызматтары талапка туура келбеген импорттук товарларды артка кайтара албайт"

“Өлкөнүн тиешелүү кызматтары байытылбаган ун сыяктуу, талапка туура келбеген импорттук товарларды артка кайтара албайт”, - деп билдирди бүгүн, 27-сентябрда парламент жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Анын айтымында, чек арадан аткезчилик менен киргизип жаткан байытылбаган ун эле эмес, талапка туура келбеген башка импорттук товарлар да арбын.

“Бизден ташылуучу товарлар ЕАЭБге кирген коңшу мамлекеттердин ветеринария, фитосанитария кызматтары тарабынан ар кандай талаптардын негизинде артка кайтарылууда. Бул тууралуу ишкерлер көп эле айтып жатат. Биздин чек арада чек арачылардан башка эч ким жок. Ар ким каалаган товарын, каалаган өлчөмдө киргизүүдө. Эмне үчүн биздин өлкөнүн тиешелүү кызматтары байытылбаган ун сыяктуу, талапка туура келбеген импорттук товарларды артка кайтара албайт? Бул жерде башка себеп бар, жөн гана иштеген киши жок”, - деди Турсунбеков.

Ошондой эле төрага өкмөт тарабынан даярдалуучу байытылган унду киргизүү шарттарын караган мыйзам долбоор кечеңдеп жатканын белгиледи. “Өкмөт тез арада маселени оң жагына чечип, экономика министри айтып жаткан 70 пайыздык көмүскө экономиканы азайтууга аракет кылышы керек. Аткезчиликти азайтып, ата мекендик өндүрүштү колдошубуз зарыл”.

Мыйзам долбоорунда байытылбаган унду импорттоого айып пул түрүндө жаза каралган. Салык органдарына байытылбаган унду мыйзамсыз алып келүү боюнча администрациялык иштерди кароо үчүн ыйгарым укук берилүүдө. Депутаттар бул мыйзамды 3-окууда колдоп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан