Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында "Кыргызстан" фракциясынан депутат Алмаз Эргешов бир катар маанилүү маселелер карала турганын негиз кылып, күн тартибиндеги "ар кандай маселелер" бөлүгүн алып салууну сунуштады. Андан соң депутат Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча маселени жабык эшик артында кароону сунуш кылды.
Ал эми "Бир Бол" фракциясынан депутат Улукбек Ормонов чек ара маселесин ачык кароону демилгеледи.
"Чек ара маселеси элдин баарын кызыктырган маселе, биз биринчи окууда карадык. Чоң маселе жок. Ошондуктан ачык болсо. Себеби жабык караганда ар кандай суроолор пайда болот", - деди депутат.
Төрага Чыныбай Турсунбеков бул маселени өзүнүн убагы келген учурда кароону айтып, добуш берүү жолу менен чечилерин айтты.