Башкы бетине жылаңач кыздардын сүрөтүн чыгарган "Playboy" журналынын негиздөөчүсү дүйнө салды

Америкалык белгилүү "Playboy" журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 28 -сентябрда журналдын интернеттеги баракчасында кабарлангандыгы чет элдик маалымат булактарында жазылууда.

Анда жазылгандай, атактуу медиамагнат 91 жашында Лос-Анжелестеги үйүндө көз жумган. Жакындары билдиргендей, ал үй-бүлөсүнүн, жакындарынын жанында карылыктан каза болгон.

"Менин атам маалымат айдыңындагы жаңы багыттын баштоочусу болуп саналат. Ал дайыма сөз эркиндигин, жарандардын укугун, алардын жашоодогу тандоосун жайылткан. Атам жаңыча ойлоно алган адам", - деген "Playboy" журналынын директору жана Хьюнун баласы Купер Хефнер.

Хью Хефнер 1926-жылы 9-апрелде Чикагодо жарык дүйнөгө келген. Аскер кызматын өтөп келген соң психология багытында билим алган. Журнал ачуу тууралуу максат Хьюда студент кезинде эле болгон.

1953-жылы "Playboy" журналы алгачкы жолу басылып чыккан. Анын эң башкы бетине белгилүү актриса Мэрилин Монро тартылган. Журналдын нускасы 160 миңден ашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Moskva.kg
2017-09-28 15:27:39
Тозоктун оту куйуп турса керек негиздоочуго
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан