Атамбаев: "Чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйдү"

Бишкекте бүгүн, 28-сентябрда "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу эл аралык конференция өтүүдө. Иш-чарага Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев катышууда, ал конференциянын ачылышында сөз сүйлөдү.

"Мен сиздерге президент катары да, мусулмандардын бири катары да кайрылам. “Чала молдо дин бузат" деген сөз бар кыргыз элинде. Акыркы жылдары ошондой чала молдолор көбөйүп, аларды ээрчигендер андан бетер көбөйүп, биздин ыйык ислам динибизге көлөкө келтирип, таза денеге чыккан чыйкандай жайылып баратат. Эгер мусулмандар ыйык динибиздин рухун, атын өзүбүз коргобосок, адашкандарга чындыкты айтпасак, динибизге, бүтүн мусулмандарга көлөкө келтирген чала молдолорго, бузукуларга, исламдын ыйык атын жамынган баш кесерлерге, террористтерге каршы чыкпасак, анда ким каршы чыгат? Дин менен кийимди, ички дүйнө менен тышкы көрүнүштү алмаштырбайлы! Дин биринчи кезекте адамдын ичинде, жүрөгүндө болушу керек", - деди Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
shalpak
2017-09-28 11:37:16
чала молдолордуку өттү, кечээ эле түрмөдөн чыккандар молдоке болуп алышкан, анан акыл үйрөтүшөт дагы
+19
almanbetperm
2017-09-28 12:14:12
Урматтуу президент сиздин ичиниздеги менен журогунуздогуну ХХХХ ээлеп алган
-2
shankol88
2017-09-28 12:17:49
Ошол чала молдо аша өзү болуп жатпайбы аз аздан ХХХХ ичсе боло берет деп...ажобуз ушинтип жатса чала молдолорду еерчийт да...
+22
kyrgyz.kg83
2017-09-28 12:23:52
Молдолорду койо туруп, чегараны емнеге жабык карап жатышат ушуга жооп берсинчи,жерлерибиз отуп кетпесин жакында ташкентке барат екенс же ошого жабык карап жатабы.жабык каратып жактырып ертен барып белек кылгандан кийин.кыргыз елине ачык айтасынарбы.еми кеч болду деп,аша ертен кыргызстанда жашай турган болсонуз ойлонун.же екс президентердин жолун жолдоп менда жер берсем не болуптур деп жатаспы
+14
Nazar76
2017-09-28 12:24:55
Атамбаев озун деле журосунго ар жерде ар нерсени ХХХХ суйлоп коюп жее сага боло береби биринчи озунду ондо анан бироого акыл айт
+19
Azatbek83
2017-09-28 13:10:55
Чала молдо дин бузарларды озу менен кошо алып кетсин!!!
+15
nemo2016
2017-09-28 13:24:02
Кылаарга иши жокпу ушул аксакалдын эртен ошол молдо сенин жаназанды окуйт коп асыла бербечи
+16
Rasul94
2017-09-28 13:45:53
сакалчандарды коргондо жиним келет
-10
Adil706070
2017-09-28 14:02:01
Чала молдону эмес,чала саясатчылардан,чала президенттен балп этип шайлоо алдында ар жерлерде курулай кооз суйлогондорду ээрчигенден корккула.
Динден суйлогон адамдын созун уккула эгер акыйкатты суйлосо,бирок кылган иши туура келбесе анысын кылбай эле койгула.уксан пайдалуусун ал зыяндуу жагын кулак сыртында калтырып койгула
+21
Attila88
2017-09-28 16:12:10
ай ХХХХ дагы аша балп этип суйлоп койду.эчтеке эмес.эл конуп калды.даже суйлогон унун уккусу келбей калды ашанын.биринчи адам озуно жооп бериш керек.молдолорго соз тийгизбей.мусулман идеалдуу эмес ислам дини идеалдуу.озун 6жыл ичи канча миллиард чогултканы жонундо айтсын биринчи.
+7
Attila88
2017-09-28 16:14:24
бейкуноо адамдарды камап.олтуртуп.коркутуп.анан куноого баткан зектерди качырып чечняга.
+6
erkeleim
2017-09-28 16:15:07
Жоголуп жоголуп анан эле маанисиз жомок айтып чыга калып ататго бул киши элди ойлоп олуттуу иш жасачы экономиканы котор пока союзда турганда байкуш дыйкандардын тушумдорун экспортто орусия казак президенттеринен улгу ал дегичеле кетесин эртен 6 жыл кыйратпадын 6 кун калды мага Сабр
+4
Kubat.karagulov
2017-09-28 19:23:07
Туура айткан бул жолу
+1
RaHat19
2017-09-28 20:23:08
откондо да кыргыздын киймин кийгиле деген бат эле кийимдер аз болсо да оноло баштады Президент туура айтат качан биз туура созду колдогонго уйронобуз.Азыр АША туура эмес дегендер бут дин бузарлар кудайым буйурса тартип тазалык кооздук токчулук кыргыз элимде орносо экен бир тууган мусулман элим.
0
Take_men
2017-09-28 20:32:40
Мухаммед АВС пайгамбар айткан дешет- сакалды жарашыктуу таза алып жүрүү керек деп. Азыр жарашабы жарашпайбы сүннөт деп коюп алышкан.Ошол туурабы?
+4
usta_kg
2017-09-29 21:26:31
Take_men, сакал коюу сүннөт, ар бир адамга өзүнө жараша турган сакал берет, туура сакалды коюунун өзүнүн адеби бар ошолор сакталышы керек, баатырлардын, окумуштуулардын баарынын сакалы бар болгон, кандай болгон күндө да сакалдын пайдасы өтө чоң
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан