Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында добуш берүү учурунда залдан чыгып бара жаткан өкмөт өкүлдөрү төрага Чыныбай Турсунбековдон кагуу жеди.
"Өкмөттүн өкүлдөрү! Уят болот, бул жерде сиздердин эки маселеңиздер турат. Эмне, Жогорку Кеңешти сыйлабай калдыңарбы? Башкаларды сыйлабасаңар да өзүңөрдү сыйласаңар. Өзүңөрдүн ар намысыңар барбы? Каратып туруп басып кетип жатасыңар. Чыдап турбайсыңарбы, кичине эки токтомду карап, силердин маселелериңерге келмекпиз", - деди Турсунбеков.
Бүгүн Жогорку Кеңеш алдыда боло турган президенттик шайлоого карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угууну күн тартибине киргизген. Бирок чек ара маселеси жабык эшик артында каралгандан кийин добуш берүү процесси болуп жаткан учурда залдан чыгып бараткан өкмөттүн өкүлдөрү депутаттардын нааразычылыгын жаратты.