Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун тоо этегинде жайгашкан Арашан, Кой-Таш, Чоң-Таш айылдарында кар жаап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда окурман кабарлады.
Анын билдирүүсүнө ылайык, кар 1 сааттан ашык убакыттан бери жаап жатат.
"Дыйкандар, айыл эли чарба өсүмдүктөрүн жыйнай элек болчу. Эми үшүк жүрүп жыйналбай калган алма, помидор жана башка жашылча, мөмө-жемиштер сатууга жана пайдаланууга жараксыз болуп калышы мүмкүн", - деп жазат ал билдирүүсүндө.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.