ЭЛДИК КАБАР: "Жалал-Абад электр тармактар ишканасы кызматкерлерине эки айдан бери айлык маяна бербей жатат" дейт окурман

Жалал-Абадда электр тармактар ишканасында иштеген кызматкерлерге эки айдан бери айлык маяна берилбей жатат. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда окурман WhatsApp аркылуу "Элдик кабарга" билдирди.

"Мен Жалал-Абад облусунда жашап, "Жалалабадэлектро" ачык акционердик коомунда иштейм. Биздин кызматкерлерге эки айдан бери айлык маяна бербей жатышат. Эмнеге экени белгисиз. Үй-бүлөдө 4 адам айлык маяна менен жашайбыз. Башкалар деле биздей жашашат. Ошондуктан айлык маянаны эртерээк берсе болмок. Ал эми күнүнө кассага төлөмдөрдөн миллиондогон акча түшөт", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Isco23
2017-09-30 11:33:29
Уят е бергиле,неге бергинер келбейт
+2
Isco23
2017-09-30 11:35:48
Ушу кишини айдап ийбегиле анан айтканы учун
+3
zevs
2017-09-30 12:52:53
kichine kuto turgula kuz keldi aborot kylyp alsyn
+1
Ma9
2017-09-30 13:01:15
жалал абад электиродо иштеген адамдарда начальниктерида начар жаны жумушка кирген жаштарды ар нерсе кылып жумуштан айдашат жалан эски ишчилер айлык маяналары жогору
+3
KUBI
2017-09-30 16:45:33
Куто бер да , шайлоодон кийин аласын.Жугумдуу болот.
+1
jibew
2017-09-30 20:37:20
Шайлоого жумшап жатышса керек да.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан