Бишкекте шаар тургундарына ыңгайсыздык жараткан көлчүктөр (фото)

Жаан жаагандан кийин Бишкектин айрым көчөлөрүндө көлчүктөр пайда болуп, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратат. Мындан улам жолду айланып өтүүгө туура келет. Айрым айдоочулар көлчүктөн жол көрүнбөй, унаасы менен таш сүзүп алган күндөрү болгонун айтышты. Атын атагысы келбеген шаар тургуну: "Көлчүктөр жөө адамдар үчүн аябай эле ыңгайсыздык жаратат. Кээде жолдон өтүү үчүн бир канча жерди айланып келишиң керек. Өткөндө унаа көлчүктөн катуу ылдамдыкта өтүп, кийимдерим суу болуп калган. Жаан жааган күнү айрым көчөлөрдөн жөө басууга болбойт", - деди.

Адистердин айтымында, көлчүктөрдүн пайда болушуна көп учурда суу агуучу арыктардын жоктугу же арыктын тазаланбай калышы себеп болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
dastan.bujun
2017-09-30 17:57:30
Болот да мында по любому
+1
Lekarstvosvoegomuja
2017-09-30 19:09:21
Эмне кылалы эми. Мындай колчуктор шаарыбыздын корку болду окшойт
-2
alik25
2017-10-01 01:16:32
Бишкектин жолдору жыртык байпактай. Бишкектин жолдору танка баскандай...деп ырдачуу беле???
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан