Америкалык Лариса Свитлык аттуу аңчы кыздын Кыргыз өлкөсүндө Марко Поло тукумундагы аркарды атып жатканы тартылган видеосу социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратууда.
Аңчы кыз видеону өзүнүн социалдык баракчасына 21-сентябрда жүктөгөн. Ошол эле учурда ал аңчылыкты өткөн 2016-жылдын ноябрь айында болгонун жазып калтырган.
Эске салсак, Кыргыз жергесинде Марко Поло тукумундагы аркарлар Кызыл китепке киргизилип, аңчылык кылып атууга тыюу салынган.