"Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдоду. Анда коомдук ишмерлер президенттен шайлоо процессинде мыйзам бузган чиновниктерди жазалоону суранышууда.
"Шайлоо өнөктүгүн мыйзам чегинде, жергиликтүү тургундарга жана бюджеттик мекемелерде иштеген адамдарга административдик кысым көрсөтүлбөй, “ыплас технологиялар” жана добуштарды сатып алуу жок өткөрөлү, акыйкаттык жана ачыктык болсун деген чакырыктар, анын ичинде сиздин дагы тикелей тапшырмалар курулай эле сөз болуп калып жатканын өткөн 20 күн ачык көрсөттү", - деп жазылат кайрылууда.
Мындан тышкары кыймылга административдик ресурстун массалык колдонуусун далилдеп турган бир документ келгени айтылды. "Мамлекеттик кызматкерлер жана башка таасирлүү инсандар президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабы тарабынан ар бир регионго, ар бир район же шаарга, айылга бөлүнүп, ал жерлердеги добуш берүүгө жоопкер катары бекитилген. Тизмеде көрүнүп тургандай ким, кайсы жерден болсо ошол жерге же дагы кандайдыр бир жагдай боюнча бөлүштүрүлгөн, бул адамдар талапкер Жээнбековго көп добуш алып келүүнү камсыз кылууга милдеттүү болушкан... Сиздин көзөмөл астында айтылган фактылар дыкат текшерилип, мыйзамдын чегинен сырткары чыгып жаткан чиновниктер жазасын алат деп ишенебиз", - деп кыймылдын мүчөлөрү президенттен суранышты.
Айта кетсек, "Акыйкат шайлоо үчүн" жарандык кыймылына экс-президент Роза Отунбаева, Илимдер академиясынын экс-төрагасы Абдыганы Эркебаев, экс-депутаттар Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков, Камила Талиева, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев, Камила Шаршекеева, юристтер Рита Карасартова, Динара Ошуракунова, саясат таануучулар Табылды Акеров, Зайнидин Курманов жана башка коомдук ишмерлер кирет.