Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев интернетке тараган аудиожазууларды "провокация" деп атады. Депутат бүгүн, 30-сентябрда SUPER.KG'ге буларды билдирди:
"Интернетке тараган аудиожазуулар боюнча жаңы эле уктум. Эми уят. Дүйнөдө депутаттардын көрсөтмөсү менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү камалат. Бизди кылмышкерлер менен сүйлөштү дешсе, дүйнөгө уят болобуз. Мен аудиодо айтылып жаткан "каралар" менен сүйлөшкөн эмесмин, сүйлөшөйүн деген ниетим да жок. Алардын бирөөсүн дагы тааныбайм. Бул аудиожазуулар провокация".
Башкы прокуратура бүгүн, 30-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевге карата "кылмышка даярдануу", "массалык баш аламандык" жана "бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы билдирди.
"Депутат Канат Исаев президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташы болуп, айрым адамдар жана уюшкан кылмыш топторунун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп, массалык баш аламандыкты уюштурууга багытталган иш-аракеттерди жасап жатат. УКМКнын материалдарына ылайык, алар аты көрсөтүлгөн талапкер шайлоодо утулуп калса, бийликти күчтөп басып алууну көздөп жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Иманалиев да кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөргө катышкан деп айтылып жатат.