Австрияда адамдын жүзүн толук жапкан паранжа жана медициналык масканы коомдук жайларда кийүүгө тыюу салган мыйзам бүгүн күчүнө кирет

Австриянын аймагында адамдын жүзүн толук жапкан паранжа жана дарыгердин көрсөтмөсү жок медициналык масканы коомдук жайларда кийүүгө тыюу салган мыйзам бүгүн, 1-октябрда күчүнө кирет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мыйзам бузгандарга 150 евро айып салынат. Укук коргоо органдарына баш ийбегендерге полиция түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Мыйзамга ылайык, майрам болбогон күндөрү маскарад кийимдери менен бетин жабууга да болбойт. Медициналык маскаларды кийген дарыгерлерге мыйзамда чектөөлөр жок. Чет элдик басылмалар мыйзам маскарапоздорго, спортчуларга (фехтование) жана күн суук маалында жүзүн шарф менен ороп алгандарга таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгилешет. Тыюу салуу өлкөдөгү мигранттар жөнүндөгү мыйзамга кошулган.

Европадагы бир канча мамлекеттерде адамдын денесин толугу менен жапкан мусулман кийимдерин коомдук жайларда кийүүгө тыюу салынган. Мындай мыйзам 2011-жылы Францияда күчүнө кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
dastan.bujun
2017-10-01 09:41:57
Болбогон мыйзам.Демократияда кайсыл бир диндин эркиндигин чектебеш керек.Мындай кийингендер эмне кылмышкер беле же кылмышкер ушундай кийинип качып журот беле.
Акылга сыйбаган нерсе.Заман техника онуккон азыркы учурда мындай кийинип алган кылмышкерди оной эле кармаса болот
-9
moskoy
2017-10-01 11:07:02
dastan.bujun,Заман онуккондо чумконгонгон акылга сыйбайт.Оз олкосундо чумконо берсин бироонун олкосундо тор талашпай мыйзамды сыйласын.
+7
rysik79
2017-10-01 10:26:16
Былтыркы жылы борбордук мечитте намазага даарат алып жактан кишинин илип койгон сумкасын медициналык маска тагынган бала уурдап кеткен. Камерадан жузу таанылбайт. Мындай окуляр ондоп саналат.
+8
portugalia
2017-10-01 10:59:51
Биздечи?Бизге да ушундай бетин толук жапкандарга закон чыгарышса.
+10
Davlet1994
2017-10-01 17:14:30
Аллахтын динине каршы чыккандарга Аллахым озу жетиштуу ИншаАллах баары жакшы болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан