"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Түз эфир учурунда тамеки чеккен алып баруучу" деген аталыштагы видео жүктөлгөн. (Ник: Nadya_90)
Видеодо Американын жаңылыктар берүүсүнүн алып баруучусу Шон Хэннити түз эфир учурунда кезектеги репортажды жарыялап, андан соң электрондук тамекисин чегип, суу уурттаганы эфирден көрсөтүлгөн. Белгилүү болгондой, алып баруучу репортажды жарыялаганда техникалык катачылыктардан улам сюжет коюлбастан, камера дикторду тартып турган. Хэннити аны кийин гана байкап, бирок сыр бербестен түздөнүп отуруп калган.
Видео коомчулукка кеңири тарап, колдонуучулар тарабынан ар түрдүү сын-пикирлер айтылган. Бирок алардын баары негативдүү эмес. Мисалы, кээ бирлер гана алып баруучунун чыдамсыздыгына ачууланышып, терс пикирлерди айтышпаса, көпчүлүк анын жасалмасы жоктугуна жана сыр билдирбеген кесипкөйлүгүнө баа беришип, күлкүлүү билдирүүлөрдү калтырышкан.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.