Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдогон жергиликтүүлөр Талас шаарында митингге чыгышты. Алар алдыдагы президенттик шайлоонун таза өтүшүн талап кылышууда. Мындай маалыматты өздүк булактар бүгүн кабарлашты.
Митинг шаардын борбордук бөлүгүндө орун алган. Ага катышкан элдин саны болжол менен 200дөн ашат. Алардын колунда "Талапкерлерге бирдей мамиле каралсын!", "Таза шайлоо болбосо бийлик толук кандуу жооп берет", "Бийлик эл тандоосуна тоскоол болбосун!" деген лозунгдар жазылган баракчалар бар.
Эске сала кетсек, кечээ, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү беренелери боюнча шектелип Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. УКМКдан билдиришкендей, ал "кылмыш ишинин материалдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Ө.Бабановдун жигердүү колдоочусу болуп туруп, уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, массалык баш аламандыктарды уюштуруп, андан соң бийликти күч менен басып алуу максатында атайын жаш балдарга акча таратып, чогултуп жана даярдап жаткан" деп күнөөлөнгөн.
Ошондой эле Өмүрбек Бабанов акыркы окуяларга байланыштуу бүгүн, 1-октябрда чукул маалымат жыйын өткөрүүдө. Бабанов учурдагы саясий кырдаал, депутат Канат Исаевдин кармалышы боюнча маалымат берип жатат.