Бишкекте бүгүн, 1-октябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун чукул жыйыны өтүүдө.
Анда талапкерге "Канат Исаевдин күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот гана аныкташы керек дедиңиз. Соттор адилет чечим чыгарат деп ишенесизби?" деген суроо берилди.
Бабанов: "Кыргыз соттору аман эле болушсун. Бирок андан башка орган жок да. Ошондуктан мен программамда сот реформасын жасай турганымды айтып жатам. Бул кара пиарга ири суммадагы акча, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын жетекчилери да аралашууда. Канат Исаевди "каралар" менен сүйлөштү" деп мамлекеттик телеканалдан көрсөтүштү. Исаев катардагы киши эмес, Жогорку Кеңештин депутаты", - деп билдирди.
Бабанов соттордон тышкары мыйзамсыздыкка кыргыз эли да баа берерин кошумчалады.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев кечээ, 30-сентябрда массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кармалды.