Коомдук ишмер Эдил Байсалов бүгүн, 1-октябрда депутат Канат Исаевдин кармалышы боюнча SUPER.KG порталына комментарий берди. Президенттик шайлоодо жеңиш башка жакка ооп баратканын көргөн бийлик ушундай кадамга барууда деп эсептейт Байсалов.
"Биринчиден, Канат Исаев катардагы жаран эмес. Жогорку Кеңештин депутаты, фракция лидери. Конституция боюнча депутаттын иммунитети бар, депутатты жөн эле камоого болбойт. Бул бийликтеги узурпациянын далили. Экинчиден, шайлоого 2 апта убакыт калды. "Бийликти күч менен басып алганы жатат" деп доомат коюу - абсурд. Үчүнчүдөн, интернетке тараган тасмаларды кеминде 10 жолу көрүп чыктым. Үчөө сүйлөшүп жатат, ал кандай далил? Акча таратты деп жатат, азыр баары таратып жатышат. Үгүтчүлөргө, жолугушууларды уюштурууга, жол киреге жана башкаларга таратып жатканы жашыруун эмес. Исаев 800 миң сомду башка максатта бергендир. Анткени тасмада "ушул акчага 16-октябрда мынча киши алып чыгасың, Ак үйгө киребиз" деген сөз болгон жок", - деди Байсалов.
Коомдук ишмер тасмадагы кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген адамдардын шайлоого кызмат кылып жатканын белгилейт.
"Исаев менен жолуккандар уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү деп жатышат. Кылмыштуу топтун балдары болсо алар эмне үчүн түрмөдө отурбай, эркин жүрүшөт? Бул бийликтин атайын саясаты. Азыр жер-жерлерде кылмыштуу топтун мүчөлөрү ачык эле жүрүшөт. Мындай аракеттери менен бийлик өзү өлкөнү мыйзамсыздыкка түртүп жатат. Булар президентти өзүбүз дайындап коёбуз деп жатышат. Андай кылышса, башка өлкөлөр жаңы бийликти тааныбай, Кыргыз жеринен элчиликтерин чакыртып алышат. Акыры эл жеңет", - дейт Байсалов.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев кечээ, 30-сентябрда массалык баш аламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан кармалган.