Каталония: Көз карандысыздык үчүн шайлоочулардын 90 пайызы добуш бергени жарыяланды

Каталониянын көз карандысыздыгы үчүн аймактагы шайлоочулардын 90 пайызы добуш берди. Бул тууралуу 2-октябрда "Рейтер" Каталония бийлигинин өкүлдөрүнө таянуу менен жарыялады. Аймакта жалпы 5,34 миллион жаран жашаса, референдумга анын 42 пайызы же 2,26 миллион шайлоочу катышкан.

Белгилей кетсек, Каталониянын көз карандысыздыгы үчүн референдум 1-октябрда өттү. Испания бийлиги референдумду болтурбоого аракет кылганы маалымдалып жатты. Добуш берүү күнү испан полициясы менен каталониялык жашоочулардын ортосунда кагылышуулар орун алып, акыркы маалыматтарга ылайык, кагылышуудан жаракат алгандардын саны 844.

Каталония өкмөтүнүн башчысы Карлес Пучдемон каталониялыктар көз карандысыздык үчүн өзүнүн көздөгөнүнө жеткенин, жакында референдумдун жыйынтыгы Каталония парламентине жибериле турганын билдирди. Парламент референдум жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан