Атамбаев: "Шайлоодо кырдаалды бузуп-жаруу аракеттерине катуу тыюу салынат"

"Президенттик шайлоо учурунда кырдаалды бузуп-жарууга багытталган аракеттерге катуу тыюу салынат", - деп бүгүн, 2-октябрда Коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдөгү отурумунда президент Алмазбек Атамбаев билдирди.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Атамбаев шайлоо алдындагы үгүт иштери учурунда жана президенттик шайлоо күнү коопсуздукту, коомдук тартипти сактоо үчүн укук коргоо органы бардык тийиштүү чара көрүүсү керек экенин белгиледи.

“Президентти тандоодо өлкөгө тынчтык жана биримдик өзгөчө маанилүү. Биз өлкө үчүн маанилүү болгон учурда провокацияга алдырбай, жарандардын коопсуздугун жана тынчтыкты камсыз кылуубуз керек. Баш аламандыкты уюштурууга аракет болгон учурда мыйзамга ылайык катуу жазага тартыла турган кепилдик берүү зарыл”, - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Patriot7
2017-10-02 12:22:14
Атамбаев кылаарын кылып бутту, дагы эмне кылышы керек эле?!!

Садыр Жапаровду жок жерден каматтырды, анын куноосуз экенин ЭЛ билет!!!

Текебаевдин айыбын прокурорлор мойнуна кое алышпаса да сот абакка окум кылды... Ошондо кайдагы адилеттуулук?!!

Ошондо шайлоого озунун адамы менен олигарх калды негизги атаандаш болуп...

Бабанов акчасын сапырып элди акчага сатып алгысы келет. Атамбаевдин командасы болсо административдик ресурсту 2000% колдонуп, ана
+7
Patriot7
2017-10-02 12:24:25
анан кайдагы таза шайлоону айтып жатат?!!

Олкодо канча студент, казынадан маяна алган кызматкерлер болсо, баарын коркутуп-уркутуп, номер 2 бланк толтуртуп бутту го, жашаган жеринден эмес, биз айткан жерден шайлайсынар, болгондо да Жээнбековду гана деп!!!!......
+6
shergazy9
2017-10-02 12:29:28
Мадумаровду колдогула туугандар
Олкобуз онуксун
Башка эч ким жо шайлай турган
+11
birimdik.
2017-10-02 12:34:48
Жаллан жеп жутарларды топтоп алыптырго Аша сага биринчи кату чара коруш керек жеенбековду колдогонун учун
+8
KGstan1981
2017-10-02 12:45:00
Алмазбек Шаршенович шайлоо тынч отусуну каласаныз анда бийлик,окмот жана КСДП административдик ресурстарды колдонбош керек.КТРК Жээнбековтун апонентерин каралоону токтотуш керек.Прокуратура жана УКМК саясый куугунтукту токтотуш керек.Сот акыйкат чечим чыгарыш керек.Болбосо мен аны каалабайм бирок Акаев менен Бакиевтин тагдырына туш келип калышыныз мункун.
+10
Patriot7
2017-10-02 17:13:05
Мураскер дайындабайм деген Атамбаев ушул беле?!! Созуно турбай ХХХХ ишин кылды, анткени ал озу .......!
+5
bakulya2015
2017-10-02 21:16:08
Добушун элди кысып алып жаткандарга да чара барбы же боло береби? Боинг кырсыгыны качан далилдеп ээсин камайт экен бул киши...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан